"Манчестер Сити" командасынын жаңы формасы 93:20 деген жазуусу бар. Ал Серхио Агуэронун алтын голунун урматына арналган

Жергиликтүү спорт басылмалары англиялык "Манчестер Сити" командасынын жаңы формасынын сүрөттөрүн жарыялады.

Белгилүү болгондой, "шаардыктардын" кийинки сезонго кийилүүчү формасы салттуу көк түс менен тигилген. Капталдары ак түстө болот. Форманын жакасына оюн убактысын көргөзгөн таблону элестеткен 93:20 деп жазылат, ал "Ситиге" 44 жылдан бери биринчи жолу чемпиондукту алып келген чабуулчу Серхио Агуэронун 2012-жылы "Куинз Парк Рейнджерске" каршы жеңишке жетишкен голуна шилтеме берип жазылган.

Буга чейин "Манчестер Ситинин" тарыхындагы эң мыкты бомбардир Серхио Агуэро бул жылы командадан кетип, Испаниянын "Барселона" клубуна өтөрү жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Real98
2021-05-26 11:18:20
Мына оюнчуга деген сый-урмат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан