Чүйдүн Молдовановка айылында 25-майдан 26-майга караган түнү саат 02:40тар чамасында №27 жазаларды аткаруу кызматында соттолгон 58 жана 22 жаштагы эки жаран тосмо аркылуу качууга аракет кылган. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган департаменттин коргоо кызматындагы жоокери эки жаранды качып бара жатканын аныктап, алгач эскертүү иретинде асманга ок аткан. Кийин качып бараткандарга карай ок чыгарып, бирөө жеринен каза болуп экинчиси кармалды.