Москва шаарында көк бөрү боюнча мелдеш өтөт

30-майда Орусиянын борбору Москва шаарында кыргыздын улуттук оюну болгон көк бөрү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу көк бөрү федерациясынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, мелдеш Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгына жана Орозо айынын аякташына карата уюштурулууда. Мелдешке көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов катышат жана мелдешти Асылбек Өзүбеков алып барат.

Мелдеште көк бөрүдөн тышкары, улуттук күрөш өнөрүнүн башка түрлөрү, чыгармачыл жамааттардын спектаклдери болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-05-26 14:40:51
Орустар дагы жазып чыгышат экен да,кыргыздар жаныбарды кыйнайт,урат аябай деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан