Эс алууга кеткенде үйлөрдү уурулардан кантип коргош керек? ИИМдин жообу

Эмгек өргүүсүнө жана эс алууга кеткенде батирлерден мүлктөрдү уурдоо көп катталууда. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги үй-мүлктү уурулардан коргоонун жолун айтып берди.

Үйдөгү мүлктү жана андагы баалуу буюмдарды уурулуктан коргоо үчүн төмөндөгү коопсуздук чараларын сактоо керек:

- Үйдөн чыгардан мурда бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз жана кайрадан бир сыйра текшерип чыгыңыз;

- Үйүңүздү узак убакытка кароосуз калтырбаганга аракет кылыңыз. Эгерде узак убакытка кетип жатсаңыз сигнализация орнотуп же камсыздандырып койгонуңуз оң;

- Видеокөзөмөл орнотуңуз, муляж да орнотсо болот. Кылмышкер видеокөзөмөлдүн иштеп жатканын текшербейт. Жабдыктар кылмышкерлерди өзүнүн кылмыштуу оюн ишке ашыруудан кайтууга жардам берет;

- Эгерде сиздин үйүңүз биринчи же алдыңкы кабатта, ошондой эле суу түтүктөрүнүн жана өрт коопсуздугу үчүн орнотулган тепкичтердин жанында жайгашса, терезе торчолорун (решетка) орнотуңуз;

- Балдарга чоочун адамдарга эшикти ачпоо керектигин үйрөтүңүздөр. Көп учурда уурулар чоң адамдар жок кезде сантехниктин, электриктин, газдын иштөөсүн текшерген кызматкерлер болуп келишип, кырдаалды изилдеп, жабырлануучуну аныкташат;

- Турак жайыңызга тааныш эмес адамдарды киргизбеңиз. Эгерде өздөрүн коммуналдык кызматкер катары тааныштырса, аны тастыктаган документтерин сураңыз же ошол уюмга чалып тактаңыз.

Эгерде сиз батир уурулугунун курмандыгы болсоңуз, анда:

- Өзүңүздү колго алып тынчтаныңыз, андан соң милицияга 102 номерине чалыңыз;

- Үйүңүздү карап чыгыңыз, жоголгон буюмдарыңызды тактап, тизмесин түзүңүз;

- Эгерде үйүңүздө кылмышкерге туш болуп калсаңыз жакындарыңыздын жана өзүңүздүн өмүрүңүздү коргоңуз. Алар менен чырдашпай, анын жүзүн эстеп калууга аракет кылыңыз. Бул анын кармалышын тездетүүгө жана буюмдарыңызды кайтарып берүүгө жардам берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан