Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында пианист Талгат Аракеевдин жеке концерти болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Концертке министр Кайрат Иманалиев жана Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев жана музыка күйөрмандары катышты.
Талгат Аракеевдин жеке концертинде Клод Дебюсси, Морис Равель жана Фридерик Шопендин күүлөрү жаңырды.