Учурда бардыгыбыз дем алыш күндөрү шаардын ызы-чуусунан качып, даамдуу, жыты аңкыган шишкебек жасоо үчүн үй-бүлөбүз менен бирге тоолорду көздөй камынабыз. Шишкебек жасоонун кээ бир сырларын SUPER.KG порталына шишкебекчи Нурдин Байгазиев айтып берди.
*Жакшы шишкебек эң биринчи эле эт тандоодон башталат. Базардан жаш малдын этин алуу керек. Майынан, чарындарынан ажыратып, жумшак жерлерин тандап кесип алуу зарыл. Ага өзүңүздүн табитиңизге жараша татымалдарды кошуп эки-үч саатка маринад кыласыз. Тоого баруучулар жол жүрүп баратканда эт аябай жумшарып кетпеш үчүн лимонго окшогон жумшартуучу азыктарды азыраак салышы керек.
*Бышыруу процессинде от күчөп жалындап кетип жатса чоңураак, кесек туз алып сээп койсо жалын чыгарбайт. Кээ бирөө суу чачыратып коюшат, ал туура эмес. Шишкебектин бышуусу жайлап калат.
*Бышырып жатып аябай карартып күйгүзүп салып жатсаңыз шишкебекти суу май менен майлап койсо өтө карартпай бышуусун жайлатат.
*Көбүнчө эт 2-3 саат маринаддалат. Максимум - бир күн, болбосо шишкебек даамын жоготот.