Депутат Асылбек Жээнбековдун Мелис Аспековдун үстүнөн жазган арызы сотко келип түштү

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун Мелис Аспековдун үстүнөн жазган арызы Чүйдүн Аламүдүн райондук сотуна келип түштү. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыз кечээ, 25-майда Аламүдүн райондук сотуна келип түшкөн. Арызда Мелис Аспековдун айткан маалыматтары Жээнбековдун кадыр-баркына доо кетиргени жазылган.

"Жээнбеков бир миллион сом өлчөмүндө доо койду. Жазылган арызда Сооронбай Жээнбеков жок", - деди басма сөз кызматынан.

Буга чейин УКМКда камакта отурган активист Мелис Аспеков 14-май күнү өзүнүн Фейсбук баракчасына "Садыр Жапаров шайлоодо Сооронбай, Асылбек Жээнбековдордон 10 миллион доллар алган, аларды жоопкерчиликке тартпайт, камай албайт", - деген билдирүү жазган. Ага Жээнбековдордун жактоочусу сотко кайрыларын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuban-1207
2021-05-26 16:21:43
Асылбек эмнеге камалбайт мамлекетти ушул жеген
+3
Aimani
2021-05-26 19:19:19
Бети жок экен.бул качан камалат.камалбаса Аспековдун айтканы чын экен деп тушунобуз
+2
Zumrudianka
2021-05-27 08:18:03
Бул танапис озу качан суракка чакырылат экен. Танапис чындыкты жаап жашырып атканда а элин жерин ойлоп парламентке которуп чыкса Жапаров, чимкириктер оз пайдасына чимкириктей куюлуп катынчасынан анкылдашканда чындыкты чыркыратып чимкириктердин жанын алып танапис танапис деп мынкылдаган сволочь
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан