Бүгүн, 26-майдан 27-майга караган түнү Европадагы дагы бир ири мелдештердин бири болгон Европа Лигасынын финалы Польшанын Гданьск шаарындагы 44 миң көрүүчү бата турган "Гданьск Арена" стадионунда өтөт.
Финалда Испаниянын "Вильярреал" командасы менен Англиянын күчтүү делинген "Манчестер Юнайтед" командасы кез келет. Бул эки команда өздөрүнүн тарыхында жалпы 4 жолу кез келип, 4 оюнда тең жеңүүчү аныкталган эмес. Мындан тышкары, 4 оюн тең 0:0 эсебинде аяктаган.
"Вильярреал" (Испания) - "Манчестер Юнайтед" (Англия);
"Гданьск Арена" стадиону (Гданьск шаары, Польша);
Башкы калыс: Клеман Тюрпен (Франция).
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.