Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Владимир Путин менен уу коргошун тууралуу сүйлөшүшкөнүн саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.
Министрдин айткандарын президенттин басма сөз кытчысы Эрбол Султанбаев четке какты.
"Расмий сүйлөшүүлөрдүн алкагында уу коргошун тууралуу сөз болгон эмес", - деди Султанбаев.
Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргыз дарыгерлери коронавирус илдетин уу коргошун менен дарылоо жолун тапканын айткан. Буга коомчулукта ар кандай пикирлер айтылган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында уу коргошунду дозасы менен ичсе зыяны жок экенин айтып, түз эфирде аталган өсүмдүктүн кайнатмасын ичкен.