УЕФА уюму Суперлигага биринчилерден болуп катышуу ниетин билдирген Испаниянын "Реал Мадрид", "Барселона" жана Италиянын "Ювентус" командаларын кийинки сезондон баштап Чемпиондор Лигасынан четтетиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Чемпиондор Лигасынан четтетилгенден тышкары бул үч клубга ири акчалай айып пул салынышы мүмкүн. Эгер санкциялар киргизилсе, анда бул үч клуб Спорт арбитраждык сотуна (CAS) кайрылса болот.
12 команданын катышуусунда Суперлига 19-апрелде түзүлүп, бирок эки күндөн кийин тогуз клуб мелдештен чыгарын жарыялаган. Азыркы учурга чейин "Барселона", "Реал" жана "Ювентус" турнирден чыгарын расмий жарыялай элек.
7-майда УЕФА уюму Суперлигага катышарын билдирип, кайра чыккан 9 клубду жазалоо чечимин кабыл алган. Алардын ар бирине Европа боюнча футболду өнүктүрүү үчүн 15 миллион евро кайрымдуулук салымын төлөө милдеттендирилген. Ошондой эле клубдар УЕФАнын клубдук мелдештерине катышуудан түшкөн кирешенин 5 пайызын бир сезондо компенсация катары кайтарып бериши керек.