Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында турак үйдөн 39 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-май күнү саат 12:00 чамасында милиция бөлүмүнө 1982-жылы туулган жарандын үйүнөн жансыз денеси табылгандыгы тууралуу жергиликтүү тургун билдирген.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Милициядан тергөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.