Бүгүн, 27-май күнү түндө Европа Лигасынын финалы Гданьск шаарындагы "Гданьск Арена" стадионунда болуп өттү. Анда Испаниянын "Вильярреал" командасы "Манчестер Юнайтед" командасы менен кез келип, беттеш 1:1 (пенальти боюнча 11:10) эсеби менен аяктады.
Эсепти "Вильярреалдын" чабуулчусу Жерар Морено ачты. Ал 30-мүнөттө айып соккудан көтөрүлгөн топту Давид де Хеанын дарбазасына таамай багыттады. Биринчи бөлүктүн калган мүнөттөрүндө эсеп саны өзгөргөн жок. Экинчи бөлүктүн башында "Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу Эдинсон Кавани Маркус Рэшфорддун узаткан соккусу коргоочуларга тийип, ачык калганда топту дарбазага таамай багыттап, эсеп санын теңеди.
Кошумча убакытта командалар гол киргизе алышкан жок. Пенальти сериясында "Вильярреалдын" оюнчулары күчтүү болуп чыкты. Испаниялык команда Европа Лигасын 11:10 эсебинде пенальтилер сериясында утуп алды.
Муну менен "Вильярреал" өзүнүн тарыхында алгачкы ирет Европа Лигасын жеңип алды.