Бүгүн, 27-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда киши колдуу каза болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча биринчи соттук отурум башталды.
Отурум саат 09:00гө белгиленген.
Соттук отурумга 5 айыпталуучу СИЗО-1ден онлайн түрдө катышары белгилүү болду.
Сотко Айзада Канатбекованын апасы, таежеси катышууда.