ЖЫЛНААМА, 27-МАЙ: "Туулган күнүмдү үйдө тосуп жатам" дейт 43 жашка чыккан актёр Аскат Сулайманов

Кыргыз кинолорунун көркүн ачып, образдарды катыра ойногон таланттуу актёр Аскат Сулайманов 1978-жылы 27-майда Балыкчыда төрөлгөн. Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын ээси. Аскат Сулайманов Кыргыз мамлекеттик драма театрынын жана анын алдында түзүлгөн "Дем" театрынын актёру.

SUPER.KG порталы актёрду туулган күнү менен куттуктап, өзү менен байланышканда ал туулган күнүн үйүндө тосуп жатканын айтты.

"Туулган күнүмдү аябай деле маани берип белгилебейм. Жакындарым чалып куттуктап жатышат. Туугандарым үйгө келебиз деп жатышат. Жакында эле "Кошунаны тандабайт" сериалы тартылып бүттү. Эми жаңы киного тартыла баштайбыз", - деди ал.

Таланттуу актёр Балыкчыда чоңойгон. Анын 2 эжеси жана бир карындашы бар. Балалыгы тууралуу төмөнкүлөргө токтолгон:

"Апам Жамалкан Мурзакова 1951-жылы Ысык-Көл облусунун Темировка айылында туулган. Тагдыр экен, атам менен ажырашып кеткендиктен 4 баланы жалгыз өстүрдү. Бала кезде апамдын түйшүк тартканын көп деле түшүнгөн эмес экенмин. Апам түн уйкусунан калып, бизди тарбиялап өстүргөнү үчүн терең ыраазымын. Бала кезде сабактан качып 3-кабаттан секирип дегендей, көп тентектик кылдым. Мугалимдер үйгө келип арызданышса, апам сени жалгыз чоңойтуп жатсам, эмнеге тентектик кыласың? деп ыйлап калчу", - деген актёр.

Ал киного тартылууну кичинесинен эле самап, 6-класстан баштап актёрлук чеберчилик боюнча ийримге катыша баштаган.

"Бул кесипке болгон кызыгуум бала кезден эле бар. 5-класска чейин жакшы окудум, 6-класстан 9-класска чейин абдан тентек болдум. 9-класста тентектигимдин айынан мени мектептен чыгарып жиберишип, башка мектепке бара баштадым. Үч күндөн кийин ал жактагы балдар менен да урушуп, дагы башка мектепке которулдум. Ал мектептин балдары менен да батыша албай, үч күндөн кийин сабакка таптакыр барбай үйдө жатып алгам. Анан кайра өзүмдүн мурунку мектебимдеги директор менен класс жетекчим экөө келип, "эми окууну кыйратпасаң да, актёрдук өнөрүң менен мектепке керексиң" деп алып кетишкен", - деп эскерген ал балалык күндөрүн.


Актёр Алматы шаарындагы Театр жана кино институтунда окуган.
"Мектепти бүтөрүм менен 1995-жылы Алматы шаарындагы Темирбек Жургенов атындагы Театр жана кино институтуна тапшырып өтүп кеттим. Студенттик күндөр абдан сонун өттү. 7 миң теңге стипендия алам, "движение" кылганды үйрөнүп калган кез Казакстанга картошка сатып барган кыргыз туугандарга кароолчу болуп, "бул биздин машина" деп тимеле рэкет болуп алганбыз. Алардан акча алабыз, анан казактардын НТК деген каналында иштеп "Жөке” деген комедиялык телеберүүсүнө тартылып 400 доллар айлык алам. Айтор, жыргал кез эле", - деген ал.

Актёр «Айыл өкмөтү» тасмасынан кийин таанымал болгон.
"Мен 1996-жылы биринчи жолу Казакстанда эки тасмага тартылгам. Негизи актёр катары тушоомду Болот Макетаев агайыбыз кескен. 9-классымда "Өзөктөн чыккан өрт" деген кыска метраждуу телепостановкага тартылгам. 6-классымдан баштап актёрлук боюнча сабак алып жүргөм. Ошондон улам тандалсам керек. Атымды чыгарган тасма "Айыл өкмөтү" болду. Ошол ролум менен сиңип калдым. Мурун «участковый милиция» атым калчу эмес. Эми "Такебай" деп атап калышты. Башында Шуриктей болуп бир роль менен элдин эсинде калып, башка ролдорумду кабыл албай коюшабы деп корккон элем", - дейт актёр.


Актёрдун 7 баласы бар.



"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-жылдын супер тасмасы" деп табылган "Президент жана бомж" тасмасындагы Омордун ролу үчүн Аскат Сулайманов “2012-жылдын супер актёру” болгон.

Эң биринчи казактардын "Камерадан репортаж" деген тасмасына тартылган.

Мурутун бир ирет "Алжан Сарбагышев" деген даректүү тасмага тартылуу үчүн гана алган.

“Айыл өкмөтү” тасмасындагы шок милиция кызматкеринин образы менен элге кеңири таанылган актёр Аскат Сулайманов “24 саат”, “Уурунун махабаты”, “Апамдын махабаты”, “Биринчи кадр”, “Теңири”, “Свет аке”, "Такебай" жана башка тасмаларда роль жараткан. Ошондой эле "Кошунаны тандабайт" сериалында да роль жаратып келет. Аскат Сулайманов учурда Кыргыз мамлекеттик драма театрынын жана анын алдында түзүлгөн "Дем" театрынын актёру.

27-майдын жылнаамасы.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан