Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, айрым курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелери берилгендиги боюнча коррупциялык жана мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды.
"Такталгандай, Суракматов мэр болуп турган учурда кызмат абалынан пайдаланып, муниципалитеттин айрым адамдары менен биргеликте коррупциялык иштерди жасап, ири курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө соода имараттарын жана көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин берген.
Мындан улам Суракматов жана анын жакын туугандарынын кирешелери кескин көбөйүп, байлыгы болжол менен 50 миллион долларга жеткен", - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.
Кечээ, 26-майда Азиз Суракматов УКМКга "мыйзамсыз баюу" фактысы боюнча күбө катары чакырылып, кийин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Суракматов 2018-жылдан 2020-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.