Курулуш иштери жүрүп жаткан "Реал Мадрид" клубунун стадионунан өрт чыкты (видео)

Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун стадиону болгон "Сантьяго Бернабеу" стадионунан өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, стадиондо учурда реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Өрт жумуш жүрүп жаткан аймактан чыккан. Азырынча жаракат алгандар боюнча маалымат жок.

Өткөн сезондо "Реал Мадрид" үй оюндарын "Альфредо ди Стефано" стадионунда өткөрдү. Кийинки сезондон баштап мадриддик команданын "Сантьяго Бернабеу" стадионуна кайтып келиши күтүлүүдө. Стадионго учурда жаңы заманбап талаа орнотулуп, отургучтар алмаштырылып жана башка жумуштар аткарылып жатат.

"Сантьяго Бернабеу" стадионунда өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан