Бүгүн, 27-майда Бишкекте Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов Катардын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолукту.
Эки тарап өлкөдөгү футболдогу ар түрдүү долбоорлорду талкуулашып, Кыргыз футболдук союзунун долбоорлорун ишке ашырууда Катар өкмөтү жана фонддорунан жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүштү.
Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугун кабыл алууга кызуу даярдык көрүп жатканын баса белгилеп, ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.