Кыргыз балбандары Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарованын Эстониянын Таллин шаарында өтүп жаткан эл аралык окуу-машыгуу жыйынындагы сүрөттөрү жарыяланды. Сүрөттөрдү Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
Буга чейин кыз-келиндер боюнча улуттук курама Варшава шаарында өтө турган "Poland Open" рейтингдик эл аралык мелдешине катыша тургандыгы кабарланган.
Ага чейин, тагыраагы 22-майдан 7-июнга чейин кыргыз балбан кыздары Эстониянын Таллин шаарында өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынга катышары белгилүү болгон.