Мэриянын маалыматына ылайык, Орозбеков көчөсү Жибек Жолу кең көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы жолдун асфальт катмарын жаңылайт, тагыраагы жаңы асфальт төшөлөт.

Оңдоо иштерине бир бригада жана атайын техникалар тартылды: грейдер, камаз, (каток), экскаватор.

Белгилей кетсек, бул жумуштар 2021-жылга карата Бишкек шаарынын жолдорун жакшыртуунун алкагында жүргүзүлүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.