Уинстон Черчилдин чегилип бүтпөй калган тамекиси аукциондо күтүлбөгөн баага сатылды

Улуу Британияда өткөн аукциондо мурунку премьер-министр Уинстон Черчилдин чегип бүтпөй калган тамекиси 4,27 миң фунт стерлингге (болжолдуу түрдө 505 миң сом) сатылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышат.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, Черчилдин чегилип бүтпөй калган тамекисин аны коштоп жүргөн Артур Черч аттуу кызматкер алып, сактап койгон. Тамекиге оролгон жазууда бул 1940-жылы болгондугу жазылган. Алгач аукциондо бул жарым-жартылай чегилген тамеки 800 фунт стерлингге сатылары күтүлүп жаткан. Бирок аукцион маалында бул тамекиге кызыккандар арбын болуп, ал 4,27 миң фунт стерлингге (болжол менен 505 миң сом) сатылган.

Белгилей кетсек, Уинстон Черчиль Улуу Британиянын өкмөтүн Экинчи дүйнөлүк согуш маалында, ошондой эле 1951-1955-жылдар аралыгы башкарган. Тамеки анын имиджинин бир бөлүгү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aidar.001
2021-05-27 23:24:25
1 пачка тамекиге кээде акча таппай журсо, жанылык ээсимди оодарды го
+3
O.dembele
2021-05-28 00:09:54
Темеки
+2
Ali-han
2021-05-28 00:13:03
Мен дагы чегилбей калган Винстон сигаретимди сатсам окшойт
+6
Foxes_CH
2021-05-28 01:46:36
Ali-han,сен ким Черчиль ким?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан