Жалал-Абад облусунда баңгизат каражатын сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБинин маалымат кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын июнь айында Жалал-Абад шаарынын аймагында "С" деген каймана аты бар жаран баңгизат каражатын сактап жүрөт деген ыкчам маалыматтар алынган. Бул маалымат Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын 1982-жылы туулган тургуну кармалып, текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда анын жанынан салмагы болжол менен 2 килограммга жакын өзгөчө кескин жыты бар зат алынып, соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Экспертиза чыкканга чейин кармалган жаран коё берилген. Ал ошол учурда Жалал-Абад шаарынын аймагынан чыгып кетип, изин жашырып жүргөн.
"Экспертизанын корутундусунда алынган зат 1 килограмм 800 грамм гашиш, 24 грамм опий баңги заты экендиги аныкталган. Жалал-Абад ШИИБинде ага карата издөө иши ачылып, багыттамалар жөнөтүлгөн.
Ыкчам иш-чаралардын негизинде 2021-жылдын 24-май күнү издөөдө жүргөн жаран кармалып, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 26-майда баш коргоо чарасы сотто каралып, үй камагына чыгарылган", - деп билдиришти облустук милициядан.