Рак илдети менен күрөшүп жаткан Анастасия Заворотнюктун абалы кайрадан начарлап кетти

Онкологиялык оору менен күрөшүп жаткан орусиялык актриса Анастасия Заворотнюктун абалы начарлап кетти. Бул тууралуу актрисанын жакын санаалаштарынын маалыматына таянуу менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Настя азыр таанылгыс болуп калды. Гормоналдык дарыларды колдонуп жаткандыктан, аябай толуп кетти. Азыр ал такыр башка адам болуп калды. Дарыгерлер ага бассейнде сүзүүгө уруксат бергенде аябай кубанган. Мурдагы формасына кайтып келүүгө аябай аракет кылды. Арыктай албаса да, өзүн жакшы сезип жаткан. Бирок бассейнде сүзүп жатканда илдети козголуп, абалы кескин түрдө начарлап кетти. Учурда дарыгерлер болгон күч-аракетин жумшап жаткан учуру. Настяда бул илдетти жеңүүгө мүмкүнчүлүк бар деп ишенебиз", - деген актрисанын жакын санаалашы.

Актрисанын тааныштарынын айтымында, ал үйүнөн эч жерге чыкпай эле. Күйөөсү ага жакшы кам көрүп жатат. Ал үй-бүлөсү менен шаар сыртындагы үйүндө.

Эскерте кетсек, 2019-жылы массалык маалымат булактарында белгилүү орус актрисасы Анастасия Заворотнюк айыккыс дартка чалдыгып, абалы оор экендиги айтылган. Кийинчерээк андан рактын эң кооптуу болгон глиобластома деген түрү аныкталгандыгы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sainazarov0555
2021-05-28 09:38:35
Мен давно олгон болуш керек деп ойлопмун
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан