Өлкөдө жергиликтүү кеңештерде аял депутаттардын саны көбөйгөндүгү белгиленди

Бишкек шаарында өткөн тегерек столдо өлкөдөгү жергиликтүү кеңештерде аял депутаттардын саны көбөйгөндүгү белгиленди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүндөгү Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын өкүлчүлүгүнөн (ПРООН) билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Депутат аялдар: күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу" аталышындагы тегерек столдо БШКнын, ПРООНдун Кыргыз өлкөсүндөгү шайлоону колдоо программасынын, БУУнун аялдар түзүмүнүн, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин, ошондой эле жаңы шайланган аялдардын арасынан республиканын жергиликтүү кеңештеринин өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдо жергиликтүү кеңештерге шайлоого аялдардын катышуусунун жыйынтыктары чыгарылып, республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аял депутаттардын көбөйгөндүгү белгиленди.
БШКнын маалыматына караганда, бул жылкы жергиликтүү шайлоодо 30 пайыз орун (квота) бардык аймактарда колдонулду. Мунун натыйжасында өлкөдөгү жергиликтүү кеӊештердеги аялдардын катышуусу 38,77 пайызга чейин жогорулады.
Аялдардын саясий катышуусунун маанилүүлүгү жөнүндө БШК, БУУӨП, ЕККУ, БУУнун Аялдар түзүмү, коомдук уюмдар жана депутат айымдар бир сыйра белгилеп өтүштү.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bekulas
2021-05-28 11:42:52
Жергиликтуу кенешке депутаттыкка аял кишилерди кошконду кимин ойлоп тапсанда Адам эмес экенсин...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан