YouTube каналында "Евровидение-2021" ыр сынагынын уландысы түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышат.
Андагы маалыматка таяна турган болсок, түз эфирде сынактын катышуучулары алдын ала тартылган видео көрсөтүлөт. Ошондой эле аталган сынакка катышкан артисттердин урматына атайын даярдалган эки шоу көрсөтүлмөкчү. Жарым финалга чейин чыккан аткаруучулардын видео ролигин 28-29-май күндөрү YouTube каналынан көрүүгө болот. Эфирдин алып баруучусу финляндиялык ырчы Криста Зигфридс болмокчу.
Белгилей кетсек, "Евровидение-2021" ыр сынагы Нидерландынын Роттердам шаарында болуп өттү. Анда биринчи орунга татыктуу деп табылган италиялык "Måneskin" тобу 524 балл алып, жеңишке ээ болушкан. Экинчи орунду Франциядан Барбара Прави алган. Ал эми Орусиянын атынан катышкан Манижа Сангин 9-орунду камсыз кылган.