Зинедин Зидан "ПСЖ" клубуна барышы мүмкүн экени айтылууда

Франциялык белгилүү машыктыруучу Зинедин Зидан Франциянын "ПСЖ" футболдук клубун машыктырышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Андагы маалыматта "ПСЖ" клубунун жетекчилиги клубдун учурдагы машыктыруучусу Маурисио Почеттинону кызматтан кетирүүнү ойлонуп, Зидандын талапкерлигин карап жатат. Зидандын дайындалышы париждиктерге чабуулчу Килиан Мбаппе менен келишимди узартууга жардам бериши мүмкүн.

Буга чейин Зинедин Зидандын "Реал Мадрид" клубунун башкы машыктыруучулук кызматынан кеткендиги кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан