Социалдык тармактарда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызга (дүлөй жана дудук) кордук көрсөткөн видео тарады. Окуя Ташкентте болгон. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 25-майдан 26-майга караган түнү саат 03:15те медициналык "Тез жардам" мекемесине 24 жаштагы денесинде көк ала тактары бар Мохизода В аттуу кыз жеткирилген. Ал жолдон өтүп бара жаткан "Тез жардам" унаасын токтотуп, медициналык жардамга муктаж экендигин жаңсап көрсөткөн. Ошол эле учурда бутундагы ур-токмоктун изин көрсөткөн. Мохизода үйүнөн эмне себептен чыгып кеткенин түшүндүрө алган эмес.
Белгилүү болгондой, 24-майда 28 жаштагы Мумтозбегим Д. жана анын 20 жаштагы Диёра Б. жана 23 жаштагы Мукаррам М. аттуу эки таанышы Мохизода В.ны ур-соккуга алышкан.
Окуянын бардык катышуучуларынын аты-жөнү такталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тиркелген видеого кызды аялдын бутун өбүүгө мажбурлап жатканы тартылган.