Чек ара чырында курман болгон жоокерлерге "Эрдик" медалы ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров чек ара чырында курман болгон чек ара кызматынын кызматкерлерине "Эрдик" медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Аскердик кызматын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн курман болгондон кийин төмөнкү аскер кызматчылары сыйланды:

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитаны Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович;

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитаны Нурсултан Манасбек уулу;

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын прапорщиги Юлдашев Бекзодбек Давлатбекович.

Эске салсак, Тажиктердин кол салуусунан Кыргыз өлкөсүнүн 36 жараны каза болуп, 180ден ашууну жаракат алган. Жаңжалда чек ара айылдарынан жалпысынан 40 миң 649 жашоочу эвакуацияланган.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан