Жети-Өгүз районунда ур-токмоктон каза болгон 3 жашар баланын апасы Орусиядан келе элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Баланын өлүмүнө шектүү аял Чүй облусунан болот. Ал Кызыл-Сууга келип, бул жактан турмушка чыгып, жарандык никеде жашап жатыптыр. Кудачасынын 3 жашар баласын дагы өзү менен кошо ала келген экен", - деп билдирди облустук милициядан.
Окуянын чоо-жайы:
15-май күнү болжол менен саат 12:32 чамасында аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө Кызыл-Суу айылынын тургундары ооруканага эс-учун жоготкон, денесинде көк ала тактары бар 3 жашар эркек баланы алып келген. Наристе жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көп узабай чарчап калган.
Маалым болгондой, 33 жаштагы М.Г. аттуу аялга кудачасы 3 жашар баласын таштап, өзү Орусияга иштегени кеткен. Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, ошол күнү наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн. Ал эми денесиндеги көк ала тактар аны бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгонун көрсөткөн.
SUPER.KG порталы аталган айылдын социалдык кызматкерлерине байланышканда, 3 жашар бала дагы аны баккан үй-бүлө дагы эч бир жерде каттоодо турбаганын билдиришкен.