Аскер прокуратурасынын тергөө тобу ишкер Тимур Файзиевге издөө жарыялады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирүү таратты.
Билдирүүгө ылайык, Файзиев коррупцияга, Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шектелүүдө. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Эске салсак, кечээ, 27-майда Биринчи Май райондук соту Тимур Файзиевге карата сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.