Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Казакстанда тажрыйбасы менен бөлүшүп тренинг өтүшүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды өткөрүү борборунун эки кызматкери Казакстанда эксперт-машыктыруучу катары тренингдерди өтүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Приозерск шаарындагы суучулдарды даярдоо республикалык окуу борборунун базасындагы "Балхаш" акваториясында башталган машыгуу 6-июнда бүтөт.

"Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар билимин, чеберчилигин көрсөтүп, тажрыйба алмашат. Курстун аягында Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучул-куткаруучулары тарабынан сертификаттар ыйгарылат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан