Андреа Пирло "Ювентус" клубунун башкы машыктыруучулук кызматынан кетти

"Ювентус" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Андреа Пирло кызматынан кетти. Мындай маалымат туриндик клубдун расмий сайтына жарыяланды.

"Биз Андреага чын жүрөктөн келечекте ийгиликтүү боло турган карьера каалайбыз. Биз менен болгонуң үчүн рахмат сага, Андреа", - деп жазылды клубдун расмий сайтында.

Андреа Пирло "Ювентус" клубуна 2020/21 сезонунун башынан баштап машыктыра баштаган. Аны менен бирге клуб Италиянын Кубогун жана Суперкубогун жеңип алып, А сериясында 2011-жылдан бери биринчи жолу чемпион болбой калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sancho-
2021-05-28 17:59:38
Зинедин Зидан келсе керек ордуна
0
dastan_nookat
2021-05-28 19:13:54
Sancho-,ордуна Максимально Алегиро келди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан