Жаңы курулуш ченемдери бизнеске жана колдонуучуларга кантип жардам берет?

"Мурда көп кабаттуу үйлөрдү газдаштыруу маселеси каралчу эмес, курулуш компаниялары 10-12 кабаттар менен гана чектелчү. Эми бийиктиги 75 метрди түзгөн 25 кабаттуу үйлөрдү газдаштыра алабыз. Жаңы курулуш ченемдерин бекитүү – бул жалпы курулуш тармагы үчүн алдыга болгон чоң кадам", – деди Максат Амираев, КРнын Мамкурулуш агенттигинин турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы.

Газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоодогу Курулуш ченемдеринин (КЧ) башка жаңы артыкчылыктары тууралуу 27-майда Бишкек шаарында өткөн терегек столдо мамлекеттик органдардын, жеке компаниялардын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жетекчилери айтып беришти. Аталган иш-чара «Газпром Кыргызстан» компаниясы тарабынан уюштурулуп, курулуш бизнесинин, жөнгө салуучу органдардын өкүлдөрү, бизнес жана тармактык ассоциацияларынын жетекчилери чогулушту. Тегерек столдун алкагында катышуучулар курулуш ченемдерин ишке ашырууда потенциалдуу колдонуучуларга бериле турган мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашып, газ менен камсыздоодогу жаңы технологиялар менен таанышышты жана жандуу диалог форматында тармактык көйгөйлөрдү талкуулаганга жакшы мүмкүнчүлүк алышты.

Жаңы курулуш ченемдери 2021-жылдын 8-февралында КРнын Мамкурулуш агенттиги тарабынан бекитилген. Аталган ченемдер жаңы объектилерди газдаштырууга жана жаратылыш газын коопсуз колдонууга мүмкүндүк берет.

Доскул Бекмурзаев, КРнын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары:

"Жаңы курулуш ченемдери газдаштыруу боюнча акыркы эл аралык стандарттарга туура келет. Аларды кабыл алуу газ тармагын өнүктүрүү менен мүмкүн болду – «Газпром Кыргызстан» газ тармагына 28 млрд. сом каражат жумшап, республиканын газдаштыруу деңгээлин 22ден 35%га чейин жогорулатты. Компания инфраструктуралык газ объектилерин курууда жана газ менен камсыз кылуу технологияларын жаңыртууда".

Мурат Сулайманов, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын директорунун орун басары:

"Жаратылыш газын жеткирүүчү катары №1 приоритет – бул коопсуздук. Жаңы курулуш ченемдери жаңы курулуп жаткан үйлөрдөгү ар бир батирге автоматтык газ сигнализаторлорун орнотууну милдеттендирет. Сигнализаторлор газдалгандыкты эскертип турат жана газдын сызылып чыгышын дароо аныктоого мүмкүндүк берет. Бул заманбап унааларында орнотулган коопсуздук жаздыкчасы сыяктуу".

Ченемдер курулуштагы бизнеске кошумча дагы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мисалы, бийиктиги 75 метрлик турак үйлөрдүн жана бийиктиги 55 метрди түзгөн коомдук имараттардын чатырында от казандарын орнотууга мүмкүнчүлүк берет. Жерге орнотулган от казандарынын кошумча жер тилкесин ээлегендигин эске алганда - бул өтө маанилүү чечим.

Тегерек столдун темалары боюнча толугураак төмөнкү шилтемеде:

Газ менен камсыздандыруу системаларын долбоорлоо

Жаңы курулуш ченемдери коопсуздукту күчөтөт жана газдаштыруу мүмкүнчүлүгүн жакшыртат

Эмне үчүн курулуш компаниялары «Газпром Кыргызстан» компаниясынын «Курулуш-монтаждоо башкармалыгын» тандашат


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан