"Барселона" клубу Лионель Мессиге 10 жылдык келишим сунуштады

Испаниянын "Барселона" футболдук клубу чабуулчу Лионель Мессиге 10 жылдык мөөнөттөгү жаңы келишим сунуштады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Келишимге ылайык, Месси "Барселона" клубунда дагы эки сезон ойнойт. Андан кийин аргентиналык, каталониялык клубдун футболчусу катары АКШ жана Канада (МЛС) чемпиондугунда ойнойт. Келишимдин акыркы беш жылын ал кайрадан "Барселонада" өткөрүшү керек. "Барселона" клубу Месси менен келишимди узартуу мүмкүнчүлүгүнө оптимисттик көз карашта экени белгиленди.

Эске салсак, Мессинин "Барселона" менен келишими 2021-жылдын 30-июнунда аяктайт. 33 жаштагы аргентиналык футболчу өзүнүн карьерасынын бардыгын каталониялык клубда өткөргөн. "Барселона" менен Месси төрт жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
student
2021-05-30 12:30:02
Месси, беги
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан