Прокуратура: "Суракматов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алган"

Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ж.Кудайбергенов (Суракматовдун аталаш тууганы) менен биргеликте коррупциялык схеманы колдонуп, мыйзамсыз иштерди жасаганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Суракматов тууганы менен биргеликте борбор калаанын түштүк бөлүгүнүн эң кымбат аймагынан 15 гектар жерди менчигине өткөрүп алган.

"Мындан тышкары алар коррупциялык схемалар аркылуу өздөрүнүн жакын туугандарына жана байланышы бар курулуш компанияларына көп кабатту турак үйлөрдү, кафе, ресто-барларды мыйзамсыз куруу, сатуу жана ижарага берүү максатында жер тилкелерди менчикке жана узак мөөнөткө алышкан. Ал туугандарынын арасында бөлүштүрүлүп, миллиондогон бааны түзгөн активдерди кирешелер боюнча декларацияга көрсөтүшпөй, эбегейсиз байышкан жана ижарадагы 1,83 гектар муниципалдык жер тилкеси мыйзамсыз банкка күрөөгө коюлуп, 3 миллион долларга алышкандыгы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын Суракматов менен Кудайбергенов боюнча топтогон материалдары Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" жана "мыйзамсыз баюу" беренелери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталганын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zam81
2021-05-28 19:11:22
4 сотук жерге жетпей журсок 15 гектар дейби апитит оого
+3
leilekstan_1987
2021-05-28 19:15:30
Курман раазы болсун кусат экенда эми
+5
Bek.v.aktatyr
2021-05-28 22:03:21
Бул МЕР болуп шайлангандале 97% эл нааразы болгон . Эми кустурсун толук.
+3
sirgak_92
2021-05-28 22:54:15
Футбольный стадион салына турган жерди озуно откоруп алган.Жана Футбол борбору салына турган жерди озуно откоруп алып Елизавета деген Уй салмакчы болгон.Кош Курман ыраазы болсун
+2
Ala.too.456
2021-05-29 17:08:05
Ой тобооо, мындан Курман нааразы болгон турбайбы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан