Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов эки айга камакка алынды.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 28-майда чыгарды.
Анда Суракматов УКМКнын СИЗОсунда 28-июлга чейин камакка алынат.
26-майда Азиз Суракматов УКМКга "мыйзамсыз баюу" фактысы боюнча күбө катары чакырылып, кийин кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.