КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны ноябрда Бишкекте өтөт

"Экономиканын мындан ары өнүгүшү жаратылыш ресурстарын сактоо, тоо-кен тармагындагы жер казынасын пайдалануу саясатын туура жана ачык-айкын жүргүзүү менен тыгыз байланыштуу. Жер казынасы жана пайдалуу кендер элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, анын бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүсү тийиш", - бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында билдирди.
"Акыркы мезгилде биз климаттын өзгөрүшүнө, мөңгүлөрдүн эришине жана алардын аянтынын кыскаруусуна күбө болуп жатабыз, буга байланыштуу аларды сактоо боюнча чараларды өз убагында көрүү маанилүү. Бул олуттуу милдеттердин бири болуп саналат, себеби ал КМШга мүчө өлкөлөрдүн калкынын жашоо шартына жана сапатына түздөн-түз таасир этет. Аталган багыттагы ишти, анын ичинде КМШга мүчө мамлекеттердин 2021-2025-жылга Жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана сактоо боюнча биргелешкен иштердин келечектүү пландарын ишке ашыруу алкагындагы ишти активдештирүү маанилүү болуп саналат.
Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин калкынын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө келишимди эске салсак.
Бул келишим жумушсуздуктун деңгээлин кыскартууга, шериктештиктин жарандарынын эркин жүрүүгө болгон укуктарын камсыз кылууга жана жагымдуу эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырып, ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет деп ишенебиз. Эл аралык сапарлар үчүн «COVID-19суз саякаттайм» санариптик платформасынын өз учурунда ишке киргизилиши натыйжалуу болду. Аталган тиркеменин жөнөкөй жана ыңгайлуулугун эске алуу менен аны өлкөлөр ортосундагы темир жол транспорту аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашырган эл аралык каттамдагы поезддерде пайдалануу зарыл деп эсептейбиз", - деп жазылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында, КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2021-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан