Базар-Коргондо дайынсыз болуп жоголуп жаткан эркек кишинин жансыз денеси каналдан табылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дайынсыз жоголуп жаткан 1963-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кеңеш айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылынын тургуну 1963-жылы туулган эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан.
Кечээ, 28-май күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Базар-Коргон райондук №78 ӨКБдан 10 куткаруучу, ИИМден 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 42 адам тартылып, саат 12:10до туугандары тарабынан жансыз денеси Могол-Коргон каналынан табылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан