Чүйдө 2 адам баңгизат менен кармалды. Алардын бири милиция кызматкери

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген каналды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операция жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын операцияны жүргүзүүгө ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин бир нече кызматтарынын жана башкармалыктарынын кызматкерлери тартылган.
"Ушул жылдын 28-майында болжол менен саат 18:00 чамасында Сокулук районунун Орок айылында Чүй облусунун жашоочусу 1973-жылы туулган И.А. кармалып, андан кочкул-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Болжол менен ал зат 1685 грамм апийим болгон.
Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө бул баңги кылмышына шектүү катары дагы бир жаран Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочусу 1971-жылы туулган С.Н. аныкталган. Шектүүдөн 25 грамм апийим табылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, С.Н. ИИББдин райондук башкармалыгынын биринде милиционер-айдоочу болуп иштеп келген", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда мындан аркы иликтөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан