"Челси" футболдук клубу Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү болду

Бүгүн, 30-майга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын финалы Португалиянын Порту шаарында болуп өттү.

Финалда эки англиялык команда, тагыраагы лондондук "Челси" командасы менен "Манчестер Сити" командасы кез келип, оюн 1:0 эсебинде "Челси" командасынын жеңиши менен аяктады.

Оюндун 37-мүнөтүндө "Челсинин" коргоочусу Тьяго Силва "Манчестер Ситинин" жарым коргоочусу Фил Фоден менен кагылышып, талаада бир аз жатып калып, оюнду улантты. 5 мүнөт өткөндөн кийин Силва өзүн алмаштырууну суранып, анын ордуна Андреас Кристенсен талаага чыкты.

43-мүнөттө "Челсинин" жарым коргоочусу Кай Хаверц дарбазачы менен жекеме жеке чыгып гол жаратты. Калган мүнөттөрдө эки команда тең канчалык аракет кылбасын эсеп санын өзгөртө алышкан жок.

Муну менен "Челси" командасы тарыхында экинчи жолу Чемпиондор Лигасын жеңсе, "Манчестер Сити" биринчи жолу финалга чыкты.

"Челси" - "Манчестер Сити";

Голдор: Кай Хаверц (43-м).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Foxes_CH
2021-05-30 16:10:06
Устунку 4 сурот финалдагылар эмес
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан