Казакстандагы Чарын каньонунда сел жүрүп, мугалим менен окуучу кыз каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 29-май күнү аба ырайы бузулуп, райондо катуу жаандан улам сел жүргөн.
Жаратылыш кырсыгы болгон учурда каньондо Алматы шаарынын №199 мектебинин окуучулары жана мугалимдери экскурсияга барып эс алып жатышкан.