Социалдык тармактарда карыя кишини эки адам унаага салып алып "Колу-бутун байлап, сууга салып жиберели, мүшөк кийгизип коелу. Мүрзө жактан өлтүрүп көмүп салалы" деген видео тарады. Анда карыя кишинин кыйкырып "доске" деп жатканын угууга болот.
Бул факты боюнча Нарын ОИИБи төмөндөгүчө маалымат таратты.
"Бул факты Кочкор РИИБи тарабынан каттоого алынып, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткан жарандардын аты-жөнү такталып, кармалган. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, анын жыйынтыгы менен жакын арада кошумча маалымат беребиз", - деп жазылат маалыматта.