ЖЫЛНААМА, 31-май: "Супер-Инфо" гезити 19 жашта!

Дал ушул күнү 31-май 2002-жылы “Супер-Инфо” гезитинин алгачкы саны чыга баштаган. Гезит ал кезде сканворд, кроссворддорго басым жасап, маалыматты өтө аз камтыган. Убакыттын өтүшү менен гезит улам жаңыланып, пайдалуу, кызыктуу, заманбап жаңылыктар менен толукталып, эки жылдын ичинде алдыңкы гезиттердин катарына кошулган. 2005-жылдан тарта Кыргыз шоу чөйрөсүндөгү жана маданиятындагы инсандардын башын бириктирип, арасынан жыл мыктыларын тандап концерт өткөрө баштаган. Ушул эле 2006-жылы гезиттин расмий сайты www.super.kg ишке кирген. Учурда SUPER.KG порталы өлкөбүздөгү сайттардын алдыңкы үчилтигинде.

2007-жылы гезит "Супер сулуу" сынагын негиздеп, өткөрө баштаган. Сынактын башка көптөгөн сынактардан айырмасы – анын стабилдүүлүгүндө, анын адилеттүүлүгүндө, убадалар сөзсүз аткарылып келе жатканында.

2007-жылдан тарта гезит "Улуттук гезит" сыйлыгынын "Жылдын нускасы" наамына татыктуу болуп, "Гезиттик Оскарды" бүгүнкү күнгө чейин татыктуу багынтып келе жатат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кыргыздын аймагына таркатылган басылмалардын нускасы боюнча жүргүзгөн анализи менен "Супер-Инфо" гезити 2013-жылдын алдыңкы 25 гезитинин 1-катарына чыккан.

2018-жылы "Жылдын тандоосу" фестивалында "Супер-Инфо" "2018-жылдын мыкты гезити" деп тандалган.

"Жыл тандоосу - 2019" эл аралык сынагында "Супер-Инфо" Кыргыз өлкөсүндөгү мыкты гезит" деп табылган.

Былтыр "Жыл мыктылары-2020" долбоорунун алкагында "Супер-Инфо" гезити жыл мыктысы деп аныкталган.

“Супер-Инфонун” расмий Инстаграм баракчасындагы (super_info_official) катталуучулардын саны 1 миллион 800 миңди түзөт. Өлкөдөгү эң көп нускалуу гезит Кыргыз мамлекетиндеги маалымат каражаттарынын, дегеле компаниялардын арасынан мындай көрсөткүчкө биринчилерден болуп ээ болгон. Гезит Инстаграмда расмий баракчасын 2016-жылы апрель айында ачкан.

Өлкөнүн көпчүлүк гезиттери басылып чыгуучу "Учкун", "ММКларды колдоо борбору" жана "Рубикон" басмаканаларынын маалыматына ылайык, 200дөн ашуун басылмалар нускасы боюнча изилденип чыккан. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Супер-Инфо" гезитинин өлкөнүн кыргыз тилдүү жана көңүл ачуучу гезиттеринин арасында да биринчи орунду ээлегенин белгилеген. Ошондой эле 2013-жылдын аягында "Супер-Инфо" гезити нускасын 120 миңден ашыруу менен өз рекордун жаңылаган.

31-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан