Бишкек шаарында жол кырсыгын жаратып, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-май күнү болжол менен саат 14:00 чамасында белгисиз жаран скутер айдап бара жатып, Пудовкин жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон өтүп бара жаткан адамды сүзүп кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен 1959-жылы туулган жаран жабыркап, айдоочу менен чогуу ооруканага жеткирилген. Бир аз убакыттан кийин айдоочу белгисиз тарапка из жашырып качып кеткен.
Издөө иштеринин натыйжасында, 2000-жылы туулган жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.