ЖЫЛНААМА, 31-МАЙ: Тамеки тартууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү
31-май - Тамеки тартууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тамеки тартуунун зыяны туурасында 1988-жылы коомчулуктун көңүлүн бурган резолюция кабыл алган.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тамеки 25тен ашык оорунун себеби болорун билдиришкен. Бул жаман адаттан дүйнө жүзү боюнча жылына 6 миллиондун тегерегинде адам каза болот.