"Google" компаниясы тыңчылык кылганын моюнуна алды

Смартфон ээлери геолокация жөнүндө маалыматты өчүрүп салган учурда дагы "Google" компаниясы өз колдонуучуларынан жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды чогулта берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, компаниянын жетекчилери жана инженерлери байкоо жүргүзүү жөнүндө кабардар экендигин моюнуна алышкан. Бул боюнча "Google" компаниясына каршы "Business Insider" жарыялаган сот ишинин документтеринде айтылат.

Документтерге ылайык, "Google" колдонуучунун жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды чогултуунун ар кандай ыкмаларын, анын ичинде Wi-Fi жана Google менен байланышы жок үчүнчү жактын тиркемелерин колдонот.

Ошондой эле өзүнүн Android иштетүү тутумунун версияларын сынап жатканда, "Google" колдонуучулар аларды өчүрүп салбашы үчүн купуялуулук жөндөөлөрүн менюга жашырууга аракет кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан