Гурбангулы Бердымухамедов атасынын каза болгон күнүнө карата чиновниктерге чачын кырып, аза күтүүнү буйрук кылды

Түркмөнстанда бардык мамлекеттик кызматкерлерге президент Гурбангулы Бердымухамедовдун каза болгон атасына аза күтүү белгиси катары чачын кырып, улуттук баш кийим кийүүгө буйрук берилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, чиновниктерден тышкары, жеке компаниялардын башчылары дагы чачын кырдырууга мажбур. Бюджеттик уюмдарда иштеген аялдарга кара түстөгү оймо-чийме түшүрүлгөн оромолдорду кийүүгө буйрук берилген. Тактап айтканда, жалпы билим берүүчү мектептердин бардык мугалимдери аза күтүү кийимин жапырт кийишкен.

Мяликгулы Бердымухамедов 18-апрелде 88 жаш курагында көз жумган. Ал запастагы ички аскерлердин подполковниги болгон, Түркмөн ССРинин өкмөтүндө иштеген.

Атасы каза болгондон кийин Түркмөнстандын президенти жети күн бою коомдук жана мамлекеттик телекөрсөтүүлөргө чыккан эмес. Түркмөн жылкысы менен алабайдын улуттук күнүн белгилөө иш-чаралары өтүп, майрамдык салтанаттарды президенттин уулу Сердар алып барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulina90
2021-05-31 15:08:17
Кутурган эшек,озун кудай сезет бул.
+20
Tatu_8889
2021-05-31 17:42:55
Кудайдан улук сезип алган го
+8
nazira...
2021-05-31 20:13:06
Айланайын кудааай не деген президент. Жин кирип кеткен го, өлсө өзүнүн атасы өлүптүр башкаларга неге буюрат, тооба. Өзү өлсө болмок элди кыйнабай. Шүгүр бизде шүгүр, ыйман бер жараткандарына алла таалам, берээриңди унутпа.
+6
rafo80
2021-06-01 00:27:36
Тооба кылдым, ушундай да болот экен да а?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан