Чүйдө куткаруучулар адамдын сөөгүн суудан алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ГЭС-2 айылында жайгашкан Чүй каналында адамдын жансыз денеси суу өткөн тосмодо асылып турат деген маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМнын 4 куткаруучусу барып, болжол менен 60-65 жаштагы эркек кишинин асынып турган денесин суудан алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.