Япон бийлиги Токиодогу Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына коронавирус жок экендигин тастыктаган шартта япон күйөрмандарын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, COVID-19 үчүн тестирлөө Олимпиадага бир аптадан кем убакыт калганда жүргүзүлүшү керек.
Мындан тышкары мелдеш учурунда инфекцияны жуктурбоо үчүн спортчуларды колдоп кыйкырууга, ошондой эле трибунада тамак жеп, суусундук ичүүгө тыюу салынат.
Токиодогу Олимпиада оюндары 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам Олимпиада бир жылга жылдырылган. Эми Олимпиада быйыл, 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөт.