Кытай бийлиги жубайларга үч балалуу болууга уруксат берет. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мындай чечимди Кытайдын башкаруучу Коммунисттик партиясынын саясий кеңеши чыгарган. Буга эл каттоонун жыйынтыгы калк тез карып баратканын көрсөткөнү себеп болгон. Бирок чечим качан күчүнө кирери азырынча белгисиз.
1979-жылдардан тарта Кытай "бир үй-бүлөгө бир бала" деген саясат жүргүзүп, аны 2015-жылы жокко чыгарган. Буга жумушчу күчтүн карып баратканы жана экономика боюнча тынчсыздануулар күч алганы түрткү болгон.
2013-жылдын аягынан тарта бул чектөөлөр жумшартылып, ата-энелерге эки балалуу болууга уруксат бериле баштаган. Ошол жылдары Кытайда балдардын төрөлүүсү боюнча рекорддук көрсөткүч катталган.