Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын дайынсыз болууда

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын дагы дайынсыз жоголду. Ал дээрлик бир айдан бери эл алдына чыга элек. Бул тууралуу Түштүк Кореянын биригүү министрлигинин өкүлү Ли Чжон Чжуга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ынды акыркы жолу 6-майда Түндүк Корея армиясынын үй-бүлөлөрү менен сүрөткө түшүп жатканда көрүшкөн.

"Бул Түндүк Корея лидеринин коомдук иш-аракеттеринин жоктугу быйылкы жылдын эсебинде эң узак болду", - деген Түштүк Кореянын биригүү министрлигинин өкүлү.

Ли Чжон Чжу кырдаал боюнча комментарий берүүдөн же Ким Чен Ындын "дайынсыз жоголушу" боюнча Сеулдун позициясын билдирүүдөн тартынган.

Түндүк Корея лидеринин көптөн бери эл алдына чыкпай калганы кооптонууну жараткан биринчи учур эмес. 2020-жылы жазында дагы бир дайынсыз жоголуу анын ден соолугу жөнүндө көптөгөн ушактарга себеп болгон. Андан кийин Ким Чен Ын 11-апрелде ЖМКдан көрүнбөй калган, анын жаңы сүрөттөрү 20 күндөн кийин жарыяланган. Бул убакыт аралыгында саясатчы бир нече маанилүү иш-чараларды, анын ичинде өлкөнүн негизги майрамы болгон "улуттун лидери" Ким Ир Сендин туулган күнүн өткөрүп жиберген. Айрым маалымат каражаттары Ким Чен Ын катуу ооруп, ал тургай каза болгонун жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Munarbek1988
2021-05-31 15:35:30
Ушуну эле жоготуп анан издеп эле басып журосунорда.
+10
algakaray
2021-05-31 15:43:28
Ооруйт окшойт да. Даарыланып анан кайра эл алдына чыгат окшойт.
+9
bond02
2021-05-31 16:06:26
Жайлоого кеткен го.
+7
Kari
2021-05-31 17:48:29
Издеп тургула,ал ага чейин оз жумуштарын бутуруп алып чыгат.Айрыкча Америка каттуу издейт.
+6
azimova90
2021-05-31 19:45:57
Өзгөндүн жайлоосунда жүрөт дейт,саамал ичип атыптыр
+7
Baiaman997
2021-05-31 20:33:14
Тапкан адамга суйунчусу бар бекен?
+5
Omyke
2021-05-31 23:10:28
Муну дагы кармап келебербединерби УКМК ?))
+4
Aidar.001
2021-06-01 00:01:55
Мен билем кайда кеткенин,бирок бул жактан корунбойт да корсотойун десем
0
Asmat84
2021-06-01 08:18:50
Бизге эмне кереги бар кимчендин биздей улут бар экенин билбесе деле керек бул кимченир а силер дайыма эле издеп жүрөсүңөр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан